Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаев Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы
Неждет Озелди кабыл алды
. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы коргоо жана коопсуздук тармагындагы аскердик-техникалык жактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле эки мамлекеттин башкы штабдарынын биргеликте иш алып баруусу жана пландары тууралуу айтылды.