“Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнгөн акчага сейрек кездешүүчү дарактардын көчөттөрүн сатып алдык”,- дейт Бишкектеги Ботаникалык бакчанын директору Туратбек Мүсүралиев. Бакчанын бир бөлүгү тазаланып, Кызыл китепке кирген дарактардын көчөттөрү отургузулганын кошумчалады.
Мүсүралиевдин белгилешинче, бакчанын аймагы 10 жылдан бери тазаланып, көрктөндүрүлгөн эмес. Учурда дээрлик бардык арыктар тазаланып, жакын арада суу жүгүртүлүп, көчөттөр сугарыла баштайт.
Ботаникалык бакчаны жашылдандыруу боюнча КР Жогорку Кеңешинин Төрага фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин парламент депутаттары, аппарат менен иш башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгып, бакчанын аймагын тазалашкан.