Өлкө башчы тарабынан коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Коомдук ишмердин кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан