Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев "Ислам" өнүгүү банкынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда тараптар агрардык тармакты өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын экономикасында банктын колдоосу чоң экендигин айтты. Биринчи вице-премьер-министр жасалма уруктандыруу аркылуу үй жаныбарларынын тукумун жакшыртуу максатында 1 миллион 380 миң доллар бөлүү тууралуу маселенин оң чечилишине ыраазычылык билдирди. Кыргыз өкмөтү кошумча дагы 120 миң доллар бөлөт.
“Жасалма уруктандыруу - айыл чарбасынын алгылыктуу багыттарынан. Бул тармакты мыкты өздөштүрүү менен эт, сүт өндүрүүнүн көлөмүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өкмөт бул багытка өзгөчө маани бурууда”,- деди Сарпашев.
"Ислам" өнүгүү банкынын өкүлү Аминуддин Мат Арифф бул каражаттын 900 миң долларын банктын Индонезия өкүлчүлүгү бөлүп жатканын айтты. “Акыркы учурда экономикасы жогорулоонун үстүндө бара жаткан Индонезия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салып, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга кызыкдар”,- деди ал.