2014-жылдын биринчи кварталында өлкөдө 6645 кылмыш катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга аз. Алсак, 2013-жылдын биринчи кварталында 6883 кылмыш катталган. Кылмыштуулуктун азайышы айрыкча Талас, Ош облустарында жана Бишкек шаарында байкалган.