Кечээ, 24-апрелде КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Мухаммед бин Арар Умейр Аль-Рамзани Аль-Наими менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Сарпашев өлкөнүн инвестициялык долбоорлору жөнүндө айтып берип, Катар менен соода байланыштарды түзүүнү колдоону сунуштады. Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу төмөн деңгээлде турат.
“Катар мамлекети Кыргызстандын айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарына инвестиция бөлүүгө кызыкдар. Мындан тышкары этти жана айыл чарба азыктарын экспорттоону да караштырып жатабыз”,- деди Катардын элчиси.