Бишкекте дүкөндөн колбаса алып качып кеткен 2 жигит колго түштү
Бишкекте "бейбаштык" кылгандыгы үчүн 2 жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 26 жаштагы Ж.Айбек жана 24 жаштагы И.Бакыт аттуу жарандар шаардын Ауэзов көчөсүндө жайгашкан "Ак-Тилек" дүкөнүнө мас абалында киришип, сатуучуну шылдыңга алышып, 1350 сомдук колбаса азыгын алып качып кетишкен. Булардын жанында дагы бир жигит болгон. Укук коргоо кызматкерлери дүкөн ээсинин арызынын негизинде ыкчам издөө жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү изи сууй электе колго түшүрүштү. Учурда кылмышка байланыштуу тергөө иштери уланууда.