3 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун 53 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, кармалгандарын баары кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Алардын арасында К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 29 мүчөсү бар. Ошондой эле кармалган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн 5и кылмыш чөйрөсүндө “смотрящий” деген статуска ээ.