Жыл башынан бери республика боюнча 1377 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 9,9 пайызга өскөн. Бирок жол кырсыктарынан каза болгондордун саны азайган. Алсак, өткөн жылдын биринчи кварталында жол кырсыктарынан 208 адам каза болсо, 2014-жылдын биринчи кварталында 176 адам көз жумган.