Орусиянын БУУдагы  өкүлү: "Кытай Орусияга каршы батыштын санкцияларын колдобойт"

Кытай Орусияга каршы батыштын экономикалык санкцияларын колдобойт. Бул тууралуу 24-апрелде Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин ММКларга билдирди.

Чуркин өз сөзүндө: “Кытай жана Орусия – эки чоң мамлекет. Алар батыштын эл аралык коомчулукка өзүнүн шартын таңуулап жатканына чыдап тура албайт. Ушул нерсе эки өлкөнү өзгөчө бириктирет”,- деди.

Эскерте кетсек, Кытай азыркы убакка чейин Украинадагы окуялардын айланасында өз позициясын билдире элек. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин Кытайдын ушул позициясы үчүн ал өлкөнүн вице-премьеринин кеңешчиси Ван Янга ыраазычылык билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан