Өткөн сутка ичинде республика боюнча 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка айылында 100 түк чөп өрттөнүп кеткен. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу болгон.