Жогорку Кеңеш 24-апрелде чек ара аймагындагы жерлерди чет элдик жарандарга сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Демилгенин автору, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун билдиришинче, бул мыйзам өлкө бүтүндүгүн сактап калуу үчүн абдан керек.
“Күндөн-күнгө чек ара аймактарында, мисалы, Баткенде үй-мүлкүн чет өлкөлүк жарандарга саткандар көбөйүүдө. Мунун алдын алышыбыз керек. Өзгөчө статус берилген аймактын жашоочулары жерин коңшусуна, тууганына, кыргызстандык жаранга сатса мейли. Бирок чет элдик жаранга сатуусуна тыюу салышыбыз кажет”,- деди министр.
Демилгени көпчүлүк депутаттар колдоого алышып, мыйзам долбоору өз учурунда сунушталып жатканын билдиришти.