Бишкектин 40 жаштагы тургуну 11 жашар баланы медициналык бет кап кийип алып тапанча менен коркутуп, жанындагы планшетин тартып алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-апрелде билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын 40 жаштагы Т.Жеңишбек аттуу тургуну 45 жаштагы борбор калаанын тургуну Д.Еленанын үйүнө медициналык бет кап кийип кирген. Андан соң үйдөгү 11 жаштагы Д.Амирдин колу-бутун таңып, тапанча менен коркутуп “Сосмик-7” үлгүсүндөгү планшетин алып кеткен.
Биринчи Май РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү кармалып, иликтөө иштери уланууда.