Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын эл аралык келишимдер жөнүндө” мыйзамына кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган мыйзамдын максаты – эл аралык келишимдерди КРнын Конституциясына ылайык аткаруу, токтотуу, убактылуу токтотуу жана денонсациялоо процессин иретке келтирүү.
Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирерин президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү 25-апрелде билдирди.