МАИчи айымды сөгүп, коркуткан жаран административдик жазага тартылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жол-кайгуул кызматынын кызматкери тарабынан Мазда 626 үлгүсүндөгү унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган. Инспектор протокол толтуруп жаткан мезгилде унаанын айдоочусу, 1985-жылы туулган А.Руслан аттуу жаран унаадан түшүп, МАИ кызматкери болуп иштеген айымды сөгүп, жогорку кызматтагы тааныштары бар экенин айтып коркуткан. Жыйынтыгында Бишкек ШИИББинин кызматкерлери келип, тартип бузган жаранды Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден А.Русланга административдик укук бузуу тууралуу протокол толтурулган.