Прокуратура органдарынын кадрлар резервине кызматкерлерди тандоо боюнча сынактын акыркы этабы 28-29-апрелде өтөт. Муну бүгүн, 25-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Сынак Башкы прокуратуранын Прокурордук кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунда (Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-276) орун алмакчы. Анда баарлашуу болуп, тестирлөө, эссе жазуу этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер катышат.
Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова акыркы этаптан бир нече талапкер кулап калышы мүмкүн экенин билдирген эле.