Асия Сасыкбаева: “Биз парламенттик демократиянын өнүгүү жолуна түшүү менен “демократия боюнча өнөктөш” статусун алдык”

Кыргызстан парламенттик демократиянын өнүгүү жолуна түшүү менен Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын “демократия боюнча өнөктөш” статусун алды. Муну 24-апрелде ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди. Анын билдиришинче, бул статус өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр болуп жатканын далилдейт.

“Демократия боюнча өнөктөш” статусун алуу - ЕКПАга мүчө мамлекеттердин биздин өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү таануусу. Биз парламенттик демократиянын өнүгүү жолуна түшүүнүн аркасында адам укуктарын коргоо, демократияны өнүктүрүү, сөз эркиндиги сындуу ишенимдерге ылайык келерибизди көрсөтүү менен ушундай статуска ээ боло алдык”,- деп билдирди вице-спикер.

Депутат мындай статус Кыргызстанга кошумча каржылык жана техникалык жардамдарды алуу укугун берерин да айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан