Жогорку Кеңеште 24-апрелде депутаттар Европа кеңешинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кыргызстанга “демократия боюнча өнөктөш” статусу берилиши боюнча пикир айтышты.
Депутат Азамат Арапбаев Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн демократияны өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбаларын кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк алганын айтты.
Депутат Бактияр Кадыров: “Биз европалык мамлекеттер менен тең ата пикир алышып, өзүбүздү көрсөтө алчу, Европага чейин өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды, идеяларыбыз менен көйгөйлөрүбүздү жеткире алчу европалык аянтчага жол ачтык”,- деп билдирди.