Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 25-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 24-апрелден 25-апрелге караган түнү Новопавловка айылында 24 жаштагы айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде көз жумган. Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.