Жалал-Абад облусунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы катталып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 25-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 24-апрель түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 462-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз адам унаасы менен 1985-жылы туулган С.С. аттуу жаранды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Учурда качып кеткен айдоочу изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан