Өзбек чек арачысынын огунан кыргыз жараны каза болду
Өзбекстандын чек ара кызматкери кыргызстандык жаранга ок чыгарып, ал каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 4-январь күнү Өзбекстандын аймагында болгон. Чек арачынын айтымында, кыргызстандык жаран контрабандалык иштердин артында чек араны мыйзамсыз кесип өтмөкчү болгон. Андан соң чек арачылар ок чыгарууга аргасыз болушкан. Каза болгон жарандын сөөгү ошол күнү кечинде жакындарына берилип, чек арачыларга каза болгон жаран тараптан "эч кандай дообуз жок" деген кат жаздырып алышкан. Өзбек чек арачыларынын мындай окуялары биринчи жолу эмес экендигин белгилеген кыргыз чек ара кызматы учурда эки өлкөнүн тийиштүү органдары менен биргеликте бул иштин чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдады.