Бүгүн, 25-апрелде Ош шаарында болуп өткөн жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, саат 01:34 чамасында А.Масалиев проспектинде Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып жол четиндеги жылуулук берүүчү суу түтүгүн сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон. Кырсык катталган жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды автоунаанын ичинен чыгарып, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.