Парламентте депутаттар өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун башка күнгө жылдырууну сунушташууда. Муну депутат Анарбек Калматов айтып чыкты. “Мурда процедура башкача эле. Алгач комитеттерде, фракцияларда каралчу. Ошондуктан өкмөттүн отчётун кароону токтотолу. Фракцияларда карап, маселени Жогорку Кеңештин кийинки аптадагы жыйынында карайлы”,- деди Калматов.
Муну башка депутаттар да колдоого алышты.
Айта кетсек, бүгүн, 25-апрелде коалициялык көпчүлүк өкмөттүн отчётун укмак.