Парламентте депутаттар өкмөттүн 2013-жылга карата отчётун угуу боюнча бир чечимге келе албай жатышат. Депутаттар алгач маселени алгач комитет, фракцияларда кароону сунушташып, жыйынды токтотууну айтышты. Депутат Каныбек Осмоналиев “Бүгүн бул маселе караларын көпчүлүк депутаттар билишпейт, айтылган эмес. Башка күнгө жылдыралы. Фракцияларда карап, кийинки аптада жыйынга алып чыгалы” деди.
Бирок КСДП фракциясынын депутаттары маселени карай берүүнү, депутаттар келип калышарын айтышууда. 10 мүнөттүк танапис жарыяланды.
Айта кетсек, бүгүн, 25-апрелде коалициялык көпчүлүк өкмөттүн отчётун укмак.