Бүгүн, 5-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев пландалбаган тартипте Бишкектин Ленин РИИБинде болуп кайтты. Өкмөт башчы аталган органдын нөөмөт бөлүмү менен таанышып, андан соң Ленин РИИБинин башчысы Сталбек Рахманов райондогу коомдук-саясий жана кылмыштуулуктун абалы тууралуу маалымат берди. Өз учурунда Жантөрө Сатыбалдиев Ош базарынын тегерегиндеги коомдук коопсуздук, турак-жай бөлүмдөрү жана жаңы конуштардагы кырдаал боюнча суроо узатты. Андан ары РИИБинин тергөөчүлөрү менен баарлашкан өкмөт башчы "коомдук коопсуздук, кылмыштуулуктун бетин ачуу силердин колуңарда. Ошондуктан ар бириңер өз ишиңерге жоопкерчиликтүү мамиле кылышыңар керек. Көбүнчө алдын ала иш-чараларды жүргүзүшүңөр керек" деди.