Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн каражат ички дүң продукциядагы статистикага кирбейт. Муну бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, 2013-жылы өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү 7 миллиард доллардын тегерегинде болсо, мигранттар жөнөткөн акча 2 миллиард доллар болду. Жыйында депутаттар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 37 пайызын мигранттар жөнөткөн акча түзө турганын айтышкан эле.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.