Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-апрелде депутат Ташполот Балтабаев “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча маселе жакында чечиле турганы айтылууда. Аны парламентке качан алып келесиңер? Качан талкуулайбыз?” деп суроо берди өкмөт башчыга.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы даяр эместигин айтты. “Жол картасы даяр эмес, даяр болсо эле парламентке алып келебиз. Бул боюнча 29-апрелде парламенттик угуу өтмөк болчу. Бирок ошол күнү биз Москвага жөнөп жатабыз. Жол картасын жакын арада бүтүрүп, парламентке сөзсүз алып келебиз”,- деди Оторбаев.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.