Сатылып кеткен 6 айлык наристе Талас облусунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун кызматкери аталган окуя боюнча милицияга кайрылган. Анда ал балдар үйүнүн 17 жаштагы тарбиялануучусу 6 айлык баласын сатып жибергенин айткан.
Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, ымыркай Талас облусунан табылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө наристенин апасы сойкулук менен алектенгени белгилүү болду. Ошондой эле ал Наргиза жана Гулиза аттуу курбу кыздары менен биргеликте баласын 20 миң сомго сатып жиберишкен. Алган акчаны туулган күн өткөрүүгө, кийим алууга коротушкан. Учурда аталган окуя боюнча материалдар топтолуп, Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.