Жоомарт Оторбаев: “Газдын токтотулушу боюнча Өзбекстандын премьер-министрине кат жаздым”

“Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнүн токтотулушу боюнча Өзбекстандын премьер-министрине кат жаздым” деп билдирди бүгүн, 25-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, газ көйгөйү боюнча Өзбекстан тарапка бир нече кат жазылды, бирок жооп келе элек. “Өзбекстан эч кимге маалымат бербей газ берүүнү токтотту. Көйгөйдү чечүүгө аракет жасалууда. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кат жазды, мен өзүм Өзбекстандын премьер-министрине кат жаздым. Тилекке каршы, жооп келе элек, жоопту күтүп турабыз. Бул иш боюнча “Газпромдун” жетекчиси Миллер мырза да алектенип жатат”,- деди Оторбаев.

Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан