Өкмөт башчы ИИМдин ички аскерлер башчылыгына жардам бериле турганын билдирди

Бүгүн, 5-январда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ИИМдин ички аскерлеринин башкы штабында атайын сапары менен болду. Премьер-министр аталган штабдын нөөмөт бөлүмү, окуу-методикалык борбору жана унаа токтотуучу жайы менен таанышты. Ошондой эле аскерлердин жашаган жана эс алган жайы, спорт залы, ашканасы жана медициналык бөлүмү менен да таанышып чыкты. Ички аскерлердин башчылыгы менен жолуккан өкмөт башчы "өкмөт ИИМдин жаңы жетекчилиги тарабынан башталган реформаларды колдойт. Жарандар эртеңки күнү коомдук коопсуздук жана тартип сакталарына, ошондой эле укугунун корголушуна ишенимде болушу керек" деди. Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттөн материалдык-техникалык жардам бериле турганын айтып, аскерлерди күчтүү жана патриот болууга чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан