Крым менен Украинанын ортосуна мамлекеттик чек ара орнотулду. Чек ара бекеттери бүгүн, 25-апрелден тартып иштей баштайт. Бул тууралуу Орусиянын Миграция кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Пётр Ярош ММКларга маалымдады.
“Бүгүн, 25-апрелден тартып мамлекеттик чек ара ишин баштайт. Ал эми өткөрмө пункттары кайсы жерлерге орнотуларын жана керектүү миграциялык карталарды берүү жакынкы аралыкта аныкталат”,- деди Ярош.
Пётр Ярош Крымдын Чек ара кызматы 27 өткөрмө пунктун көзөмөлгө аларын жана жүк алып өтүү, транспорт кыймылына эч кандай чектөө киргизилбей турганын кошумчалады.