Парламентте депутаттар Ош шаарындагы кургак учук менен ооруган балдардын мектебине өкмөт 4,5 миллион сом карыз экенин айтышты. Депутат Акылбек Шакиров билдиргендей, аталган акча мугалимдердин айлыгына берилмек. “2013-жылы өкмөт 4,5 миллион сом берген эмес. Бүгүнкү күндө ал мектепти жапканы жатышыптыр”,- дейт депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева муну моюнга алды. “Акчаны таап беребиз. Бирок мектеп жабылат деген туура эмес, буга чейинкидей эле иштей берет”,- деди министр.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да бул маселени чечүүгө убада берди.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.