Темир Сариев: “Дордой” базарындагылар Бажы биримдигине кирүүнү тездеткиле дешүүдө”

Бишкектин “Дордой” базарындагы соодагерлер Кыргызстандын Бажы биримдигине батыраак киришин талап кылышууда. Муну бүгүн, 25-апрелде экономика министри Темир Сариев парламентте билдирди. Айтымында, соодагерлер Казакстанга товарын мурункудай өткөрө албай калышты. 

“Дордой” базарындагылар 4 айдан бери даттанышууда. Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөттү, мурункудай жөнөкөй болбой калды. Товар өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын айтышууда. Казакстан реэкспортко тыюу салууда. “Дордой” базарында иштегендер Бажы биримдигине кирүүнү тездеткиле деп жатышат. Бажы биримдиги менен маселени чечпесеңер, кыйналып жатабыз дешти. Бул маселени Бажы биримдигинин алкагында чечсе болот”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан