Жогорку Кеңеште Өкмөт үйүнө өкүрүп барган маданият кызматкерлери боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-апрелде Өкмөт үйүнө өкүрүп барган маданият кызматкерлери боюнча маселе көтөрүлдү. Муну депутат Бөдөш Мамырова айтып чыгып, тийиштүү министрликке кайрылды. “Кечээ тарыхта болбогон акция болду. Маданият кызматкерлери Өкмөт үйүнө өкүрүп барышты, бул эмне деген шумдук? “Бул биринчи гана акциябыз” дешти, эми кыздары кошок айтышабы? Алардын мындай кадамга барышына эмне себеп болуптур?”- деди депутат.

Суроого вице-премьер-министр Эльвира Сариева жооп берди. “Алар өкмөттөн маданиятка көбүрөөк көңүл бурууну, көбүрөөк акча бөлүүнү талап кылышты. Жакында жалпы маданият кызматкерлери менен бирге чоң жыйын өтөт. Ошондо баарын талкуулайбыз”,- деди Сариева.

Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан