Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта каза болгон 2 милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө батир берилет. Муну бүгүн, 25-апрелде ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди. Айтымында, ал кызматкерлерди түнкүсүн жолго чыгарып жиберген жетекчиге сөгүш жарыяланды.
“Командирдин айтканына макул болушпай, түнкүсүн жолго чыгып кетишкен экен. Кырсык да, ал жүктү Ошко жеткирүү шашылыш эмес болчу. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө батир бөлүп, акчалай каражат бөлүп берүү маселеси каралууда”,- деди министр.
Жыйында депутаттар аба ырайы бузулуп турган учурда аталган кызматкерлерди түнкүсүн жолго чыгаруу туура эмес болгонун айтышкан эле.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.