Баткенде өзбек тургундары кыргыз чек арачыларын туткунга алганы айтылууда

5-январда Баткен облусунун Сох анклавында жашаган миңдей өзбек жарандары кыргыз чек арачыларына кол салышып, аларды туткунга алышты. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берүү менен кабарлады. Маалыматтар боюнча, мындай кырдаалдын келип чыгышына Сох анклавы менен чектешкен жерге жакында эле орнотулган чек ара постун электрифицирлөө боюнча кыргыз тараптын каалоосу себеп болгон. Окуянын күбөлөрү кыргыз чек арачылары эч кандай курал кодонбогонун жана өздөрүнө тийиштүү бардык өткөрмө пункттарды жапканын билдирген. Окуядан соң Баткен райондук администрациясынын жетекчилиги сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Сох районунун жетекчилигине жөнөп кетти. Ал эми өзбек тараптын аракеттеринен улам кыргыз тургундары чогулушту. Алар өткөрмө пункт аркылуу тааныш, жакын туугандарына кирип-чыгууга жол ачууну талап кылышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан