Кыргызстанда мугалимдердин эң жогорку айлыгы 16 миң сом. Муну бүгүн, 25-апрелде билим берүү жана илим министри Канат Садыков парламентте билдирди. Министрдин айтымында, мугалимдердин орточо айлыгы 8 миң сом. “Билим берүү тармагындагы эң аз маяна 6 миң сом. Тоолуу аймактарда иштеген айрым мугалимдер 16 миң сомго чейин маяна алышат”,- деди министр.
Айрым депутаттар аймактардагы мугалимдердин орточо айлыгы 8-9-10 миң сом деген жалган маалымат экенин айтышты. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маалыматтар Улуттук статистика комитетинен алынганын билдирди.