Жоомарт Оторбаев: “Кумтөр” боюнча “Центерра” менен сүйлөшүү жүрүп жатат”

“Кумтөрдүн” жаңы келишими боюнча “Центерра” менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Муну парламентте бүгүн, 25-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. “Кечээ “Центерранын” жетекчилери менен жолугуштум. Иштер башталды, конкреттүү план кабыл алдык. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен парламентке жаңы келишимдерди алып келебиз”,- деди премьер.

Депутат Эркингүл Иманкожоева “Кумтөргө” келтирилген экологиялык зыянды төлөтүп туруп, анан жаңы келишим алып келүү керектигин сунуштады.

Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан