Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 25-апрелде өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту тууралуу “эске алынсын” деп чечим кабыл алды. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мекеме башчылары катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Өкмөттүн отчёту кийинки аптада комитеттерде жана фракцияларда каралат. Андан кийин жалпы жыйынга чыгарылмакчы.