Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери аттестациянын дагы бир баскычынан өтүштү

Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери Аттестациялык сынак комиссиясынын аңгемелешүү баскычынан өтүштү. Аталган комиссия баа берүү бланкы, тестирлөө, аңгемелешүү усулдары аркылуу кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээлин текшерди. Кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна ылайык келер-келбеси аныкталып, айрымдарын кызматтан жогорулатуу, кадрдык резервге киргизүү сунушу берилди.

"Ал эми аттестация жүрүшүндө жетиштүү упай топтой албаган кызматкерлер кызматтык иши боюнча Аттестациялык комиссия тарабынан берилген сунуштарды аткарган шартта, 6 айдан кийин аттестациядан кайра өткөрүлүү менен алардын ээлеген кызмат ордуна ылайык келер-келбеси аныкталмакчы",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан