Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекетттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат. Анда төмөндөгү маселелер каралууда:
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү жана 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.
Жыйында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана өкмөттүн мүчөлөрү катышууда.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 15-апрелинде өткөн Улуттук кеңештин жыйынында күн тартибиндеги маселелерди кароону улантуу тууралуу чечим кабыл алынган болчу.