Президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге "эгер сентябрь айында шайлоо боюнча даярдалып жаткан долбоордун аткарылышы ишке ашпаса, отставкага кетесиң” деди. Өлкө башчы мындай пикирин бүгүн, 25-апрелде Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
“Мына азыр Кыргызстандын эли 2015-жылдагы шайлоонун таза өтөрүнө ишенип турат. Баарыбыз таза шайлоонун долбоорун жакшы деп жактырып колдоп берип жатабыз. Эми аны ишке ашыруу милдети турат. Эгерде ал ишке ашпай калса, Тайырбек Дүйшөкеевич, отставкага кетесиз. Сизден ушуну талап кылам”,- деди өлкө башчы.