Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин катышуусунда семинар өттү

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук жана регионалдык башкармалыктарынын башчыларына жана орун басарларына “Ишкердик субъектилерди текшерүү боюнча эрежесине” ылайык окутуу-үйрөтүү семинары өттү. 
Анда Өнөр жай коопсуздугу боюнча бөлүм башчы Аман Махмутов иш-чаранын артыкчылыктарына токтолуп өттү. 
Анын айтымында, окутуу-үйрөтүү семинарынын башкы максаты - инспекциянын кызматкерлеринин кесиптик артыкчылыгын жогорулатуу.
"Текшерүүнүн принциптери, түрлөрү, текшерүү иштери боюнча жүргүзүлгөн иш кагаздар менен иштөөсүнө туура багыт берип, мыйзам чегинде иш алып баруусуна жол көрсөтүү да бүгүнкү семинардын негизги максаттарынын бири”,- деди Махмутов.
Окутуунун жүрүшүндө инспекциянын кызматкерлери бир катар талаш жараткан суроолоруна жооп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан