Алмазбек Атамбаев англис тилин үйрөнүп жатканын айтты

“Учурда англис тилин үйрөнүп жатам”,- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Ал муну бүгүн, 25-апрелде Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.

“Мени көпчүлүгү "коңшу өлкөлөрдүн президенттери келгенде же башка жерде кыргызча сүйлөбөйт" деп сындашат. Кыргыз тилинде эле сүйлөшүп жатам. Бирок башка президенттер менен сүйлөшкөндө маселе чечилсин деп сүйлөшөсүң. Мен азыр кытай тилин билсем, Кытайдын президенти менен кытай тилинде сүйлөшмөкмүн. Тилекке каршы, билбейм. Азыр англис тилин үйрөнүп жатам”,- деди өлкө башчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан