Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов кызматтан кетти
Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов 31-декабрда кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бакыт Адылов кызматтан өз арызынын негизинде кетти. Анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп буга чейин биринчи вице-мэр болуп иштеп келген Урмат Самаганов дайындалды.