Мамлекеттик тил маселеси боюнча сунушталган долбоорду ишке ашырууга 6 жыл ичинде 476 миллион 245 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков маалымдады. Ал мындай пикирди бүгүн, 25-апрелде өткөн Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешменин кезектеги отурумунда айтты.
“Эгерде ушул каражат бөлүнүп берилсе, программа ишке ашып, мамлекеттик тил өнүгөт. Ал эми өлкө башчы Алмаз Шаршеновичтин жарлыгына ылайык, жумушчу топ аталган программанын үстүнөн иштеди. Азыркы программанын 1998-жылы жана 2010-жылы иштелип чыккан программадан өзгөчө айырмасы бар”,- деди Турсунбеков.