26-апрелде Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат

Эртең, 26-апрелде Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат. Белгилүү болгондой, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы (Ала-Тоо, Көк-Кыя көчөлөрүндө), Кара-Жыгач (Исакеев, Кемин, Толстой, Оберон көчөлөрүндө), Бакай-Ата (Көкчө, Нооруз, Анар, Зулайка, Сейтек, Табылды, Ак-Уул көчөлөрүндө), Эне-Сай конушунда, Ак-Тилек (Карагай, Чамгарак, Ат-Айнак); Ак-Өргөө (Ашар, Гагарин, Саадак, Кыбыла); Алтын-Ордо конушундагы (№1, 2-көчөлөрүндө) “акылдуу” эсептегичтер орнотулат. 

Ага ылайык, аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан