Өлкө башчы “Бирөөнү мактап же тууганынын мааракесине арнап чыгарылган китептер толуп кетти. Аны эч ким окубайт” деди

“Бирөөнү мактап же тууганынын мааракесине арнап чыгарылган китептер толуп кетти. Аны эч ким окубай калды”,- дейт өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Ал бул тууралуу 25-апрелдеги мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу Улуттук кеңешменин отурумунда билдирди.

Өлкө башчы СССР учурунда кыргыз тили жок болуп кетет деген саясат бар болгонуна токтолду.

Советтер Союзунун кезинде балдарды кыргызча мектептерден окутуу кыйын болчу. Ал учурда көпчүлүгү шартка жараша кыргыз тилин жакшы билбей калды. Эми ал үчүн эч кимди күнөөлөбөш керек. Кудайга шүгүр, азыр кыргыз мектептери Бишкекте да аз эмес. Бирок бир нерсени айтып коёюн, кыргыз тилин үйрөтөбүз деп күчкө салып окутабыз десек, балдар кача баштайт. Китеп чыгаруу жагын алсак, жазуучулар кыргыз тилинде бир канча китептерди жазып жатышат. Тилекке каршы, бирөөнү мактап же тууганынын мааракесине, досуна арнап чыгарып калышты. Аны эч ким окубайт. Ошон үчүн өкмөттөн тил программасына арналган долбоорду көзөмөлгө алуусун талап кылам”,- деди Атамбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан