Өмүрбек Текебаев: "2010-жылдагы революциядан кийинки өткөөл мезгил бүттү"
“2010-жылдагы революциядан кийинки өткөөл мезгил быйыл бүттү" деп билдирди депутат, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев телекөрсөтүүлөрдүн бирине берген маегинде. Анын айтымында, жакында болгон жергиликтүү кеңешке шайлоолордун аякташы менен мамлекетте бийлик органдары жаңы эреже боюнча толук калыптанып бүттү. "Парламент, өкмөт, президент шайланды, сот системи тазаланып, жаңы соттор дайындала баштады. Ошентип, алдыбызда турган 3 жылда эч кандай шайлоо, бийлик алмаштыруулар болбостон, саясий тынччылык, стабилдүүлүк күтүп турат” деди Өмүрбек мырза.