Чыныбай Турсунбеков: “Кыргызстан шайлоо системи боюнча батыштан үлгү алса, биз алдыга жылабыз”

“Кыргызстан шайлоо системи боюнча батыштан үлгү алса, биз алдыга жылабыз”,- дейт КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Ал бул тууралуу оюн 25-апрелдеги Улуттук кеңештин 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу долбоорун талкуулоодо билдирди.

Биз, кыргыздар, шайлоо системин кеч түзөбүз. Ошон үчүн Кыргызстан батыштын басып өткөн баскычтарын колдонсок жакшы болот. Мен жакында эле Түркиянын депутаттары менен сүйлөштүм. Алар парламенттик системдин үчүнчү этабына өтүп жатышыптыр. Партиялар эл менен, айыл аймактары менен байланышта болуш үчүн ушул кадамдарга барып жатышат. Маселен, биздеги мурдагы бир мандаттуу систем сыяктуу эле бир партияны бир регионго бөлүп коёт экен. Алар ошол аймак менен тыгыз иштешип, маселесин чечип берип турушат”,- деди Чыныбай Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан